Бизнес үчүн идея: Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатып киреше табыӊыз

Автор -

Жакында Жаңы Жыл. Көпчүлүк адамдар үчүн бул мыкты эс алып, жакындарга белек алууга акча сарптоо жана бул жагымдуу түйшүктөн ырахат алуунун убагы болуп саналат. Бирок, бул майрамды жакшы акча табуунун себеби катары караган адамдар да бар. Калктын мына ушундай катмарына биздин макалабыз арналат.

Жаңы жыл майрамында эмне көп суроо-талапка ээ? Биздин өлкөдө Жаңы Жылдын жакындап калганынын белгиси кайсы буюмда кеңири чагылдырылат? Бул, албетте, түбөлүк жашыл бойдон калчу сулуулар — балатылар эмеспи.

Көп сандаган адамдар майрам алдында ары -бери чуркап, балатыларды тандашып, үй-бүлөсүн кубантууга ашыгышат. Мындай учурда балатыга болгон суроо-талаптын көптүгүнөн эсиңиз оойт. Бирок бул биринчи көз караштан алганда жеңил акча табуунун түрү. Бирок. Бардык эле иштер сыяктуу өзүнүн алдында катылып жаткан ташы да бар.

Бул макалада биз максималдуу кирешеге жетүүнүн кадамдык алгоритмин жаздык. Башталышында сиз сапаттуу товар тандашыңыз керек. Ал үчүн багбандарга барып, келишим түзүп, канча балатыны канча сомго аласыз баарын келишимге киргизүү керек.

Атайын кайсы бир түрдөгү бак-дарактарды өстүрүүчү багбандарды табуу кыйын эмес. Азыркы заманда интернет деген бар, ага кирип керектүү маселеңизди жазып койсоңуз, көз кубанткан жооптор биринин артынан экинчиси жыбырап чыгат.

Эреже болуп калгандай эле, багбан товардын наркынын жарымын алдын ала төлөм катары берүүнү талап кылат, аны алгандан кийин гана декабрдын орто ченинде сизге керектүү сандагы балатыларды кыйып баштайт.

Балаты жараксыз абалга тез келчү товар, аны машинеге салып жеткирүүдө, жүктөөдө жана түшүрүүдө жаман абалга келип, сырткы көрүнүшү бузулушу мүмкүн. Ошондуктан, жыйынтыгында өтпөй калган товарды кучактап отуруп калуудан качуу үчүн мүмкүн болушунча сата турган жерди багбандын багынан алыс эмес аймактан тапканыңыз оң.

Бирок,багбандар сатыкка көбүнчө бажырайган балатыларды эмес, куурап бараткан бутактарды чыгарып коюулары мүмкүн. Ошондуктан багбан менен келишим түзөөрдө бардык жагын эске алыңыз. Кээде ушундай багыттагы ишкерлерди жараксыз бутактардан токойду куткарган «токой санитарлары» деп да тамашалап коюшат эмеспи.

Бул бизнесте да сизге тийиштүү кызматтар тарабынан уруксат кагаздары керек болот. Базардын ээсинен же шаардык администрациядан бул бизнестин түрү менен шугулданууга уруксат алыңыз. Тийиштүү документтерди топтоого убакыт кетет, ошондуктан жакшысы бизнести баштай электе эле документтерди топтоп алыңыз.

Демек, бардык маселе чечилди деген учурда сиздин колуңузда төмөндөгү документтер болууга тийиш:

1. Соода-сатык кылууга уруксат
2. Токой чарбачылыгы менен келишим
3. Товар-транспорттук коштомо кагаз
4. Салык коштомо кагаз
5. Эсеп-фактура
6. Даракты кыйганда коюлуучу энтамга

Балатыларды сатыкка чыгарчу жерге алып келүүдө жаныңызда транспорттоого берилген бардык документтер болушу зарыл. Болбосо милицияга кармалып, браконьерликке айыпталып, бардык товарыңыздан айрыласыз. Машинеңиздеги балатылардын саны жана машинеңиздин номери жазылган транспорттук коштомо кагаз жаныңызда болгондо баары ишенимдүү болот.
Мындай бир жолку бизнес абдан мыкты ийгиик алып келет, андан да кирешени көбөйтөм десеңиз шаардын бир жеринде гана сата бербей бир катар аймактарга соодо түйүнүн орнотуңуз. Бул албетте бизнеске салынган акча каражатына байланыштуу болот. Эске салчу жагдай, балатыларды сата турган жер сөзсүз түрдө рт коопсуздугуна жооп бергидей болсун.

Соода кылуучу жер караңгы киргенде жарыктандырууга болгудай болсун. Сатуучуларга балатынын узундугун ченей турган өлчөгүч керек. Соода түйүнүңүздүн жанына балатылар сатылаарын кабарлаган чоңураак көрнөк илип алсаңыз андан сонун. Соода түйүнү соода жасап аткан маалда бир катар инстанциялардын текшерүүсүнө туш болушу мүмкүн. Ошондуктан, бизгнесиңизди тобокелчиликке салбайм десеңиз, алар башталышында айткан бардык эрежелерди так жана туура сактоого аракеттениңиз.

Өзүңүздү төрт тарабынан тең коопсуздандырып, соода кылуучу жер таап, товарды алып келип, тийиштүү документтерди чөнтөккө салгандан кийин дитиңизди толугу менен соодага коюп, кирешени ала бериңиз.

Андан аркысынын баары сиздин колуңузда. Соода кылуучу жерди канчалык көздү кубантаарлык кылып кооздосоңуз, канчалык кооз балатыларды алып келсеңиз ошого жараша жыйынтык кечиктирбейт. Соода түйүнүндө бир гана балаты менен чектелбей, Жаңы Жыл майрамына карата ар кандай жасалгаларды да сатсаңыз болот.
Балатыларды түбүнө коюулуучу кооздук менен жасалган түптөрдү да сатсаңыз болот. Көбүнчң бул чоң суроо-талапка ээ болот. Мисалы, кол менен жасалган түп кардарлардын кызыгуусун жаратат. Ал үчүн жыгачтын ийилчээк чырпыгынан кадимки себетти токугандай кылып эле, балаты жыгылып кетпегидей кармап турчу түп жасоо ылайыктуу.

Мындай продукцияны сатуудан абдан көп калдык жана таштандылар калат. Аларды кайда жоготуу керек? Бир канча варианттар бар, биринин болбосо да биринин кереги тийиши мүмкүн. Дачасы бар адамдарга жер семирткич катары же шыпыргы жасап сатса да болот. Бирок сатууга мүмкүнчүлүк болбосо, кайра иштеп чыгууга бекер тапшырса да болот.

Сизди биздин макала бул бизнестин бир катар сырдары менен тааныштырды деп ишенели.
Бул иштин түйшүгү көп болгону менен кирешеси да ажкшы, анын үстүнө сиз Жаңы Жыл майрамына карата ар бир үйгө кубаныч тартуулап атканыңызды да унутпаңыз.