Тажикстан: абактагы тополоңго катышкандарга кылмыш иши козголду

Автор -

Тажикстандын Хожент шаарындагы №3 абакта чыккан тополоңго катышкан ондон ашык камактагы адамга карата жаңы кылмыш иштери козголду.

Душанбенин маалыматы боюнча 8-ноябрга оогон түнү болгон тополоң маалында камактагы 21 адам мерт болгон. Мындан тышкары түрмөнүн эки кызматкери өлүп, дагы бешөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Күн мурун камактагы тогуз адам Хоженттеги тергөө абагына жеткирилген. Өз булактардын билдиришинче, алар адам өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү жана түзөтүү абагындагы режимди бузуу беренелери боюнча айыпталууда.

«Бирок тополоңду алар уюштурган эмес. Болгону абактагы башаламандыктарга катышкан. Азырынча айыпталуучулардын бирөөсүнүн гана аты-жөнү белгилүү — ал Мухаммад Юнусов. Мен билгенден ага каршы Кылмыш кодексинин 11 беренеси боюнча кылмыш иши козголгон», — деп билдирди булак.

Хожент шаарындагы түрмөдөн чыккан тополоңду өлкөнүн Башкы прокуратурасынын тергөө тобу иликтеп жатат. Азырынча тергөөнүн болжолдуу жыйынтыктары тууралуу маалыматтар жок. Ошондой эле камактагы канча адамга каршы жаңы кылмыш иштери козголгондугу белгисиз.

Тажик бийлиги Хожент шаарындагы абакта чыккан тополоңдон 21 козголоңчу жок кылынганын айтууда. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 22-ноябрда Брюсселде билдирген. Министр тополоңго негизинен терроризм үчүн жазасын өтөп жаткандар, анын ичинде “Ислам мамлекети”, «Ансоруллах» жана «Жундуллах» экстремисттик топторунун жактоочулары катышканын белгилеген.

Анткен менен башка булактар тополоңдо кеминде 50 киши өлгөнүн кабарлашкан. Түрмөдөгү башаламандыкка байланыштуу түзөтүү мекемесинин жети кызматкери кармалган. Алардын арасында түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзода, режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров да бар.

Тополоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу алган.

Бөлүшүү