Быйыл террорчулукка үгүттөгөн 24 сайт жабылды

Автор -

Быйыл террорчулукка үгүттөгөн делген 24 интернет-сайт, социалдык түйүндөгү 5 баракча жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында УКМКнын өкүлү Асылбек Кожобеков билдирди.

Анын айтымында, сайттарды жабуу боюнча 8 соттук чечим кабыл алынган.

«УКМК террорчулукка жана экстремизмге үгүттөгөн социалдык тармактагы баракчаларды жабууга техникалык мүмкүнчүлүк жоктугунан өз алдында жаап сала албайт. Мындан улам сайттардын администрациясына расмий каттар жөнөтүлөт», — деди Кожобеков.