УКМК менен ИИМдин өкүлдөрү 22-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунда экстремизмге байланыштуу текшерүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Улуттук комитеттин маалыматы боюнча, «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү Т.С., Р.Б. жана Т.Н. жашаган үйлөр санкциянын негизинде текшерилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешелүү тыюу салынган адабияттар табылды.
Буга чейин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүмү (экстремисттик материалдарды даярдоо, алуу, сактоо, ташып жүрүү жана таратуу, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын эн белгилерин, атрибуттарын атайын колдонуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.