Президент: Майыптарга карата жасалган мамиле — коомдун гумандуулугунун көрсөткүчү

Автор -

Сооронбай Жээнбековдун Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусу

«Урматтуу мекендештер!

Жыл сайын ушул күндү белгилөө — майыптарга  өзгөчө камкордук көрүү зарыл экенин эскертип турат.

Майыптарга карата жасалган мамиле — коомдун гумандуулугунун көрсөткүчү. Мамлекетибиздин милдети — аларга колдоо көрсөтүп, көмөктөшүү. Жашоосуна, эмгектенишине, социалдык жана маданий талаптары аткарылышына  тиешелүү шарттарды түзүп берүү.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин социалдык саясатында мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берет. Ошону менен катар кезекте жумуш берүүчүлөр мындай мекендештерибизди жумушка алууга өзгөчө аяр мамиле жасоого милдеттүү. Коомдун ар бир мүчөсүнүн эмгеги жана кайраты өлкө үчүн абдан керек. Ынтымак, кайрымдуулук  жана боорукерлик болгон коомду ар дайым ийгилик коштойт.

Турмуштук кыйын кырдаалдарга карабастан майтарылбас эркин, кайратын көрсөткөн сабырдуу жана түшүнүктүү жарандарыбызга урмат көрсөтүп, таазим этебиз. Алдыңыздарга асыл максаттарды коюп, мамлекеттин, коомдун колдоосуна таянып, келечекке ишеним менен караңыздар.

Баардыгыңыздарга ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана сабырдуулук каалайм. Үйүңүздөрдө жылуу мамиле болуп, ар дайым жакын адамдар дем берип, колдоп турушуна тилектешмин. Жараткан сиздерге дайыма кубат берсин!»

Бөлүшүү