Орусияга жумуш издеп барган 40 кыргызстандык -20 градус суукта калды (Видео)

Автор -

«Кыргызстандан Россияга жумушка десе тааныштар аркылуу гана келгиле. Ушул балдардын телефон номерлерин таппай жатам, билгендер болсо жазып койгула»,-деп Шабданбек Рахманов Facebook баракчасына видео менен бөлүшкөн .

Анын айтымына караганда, кыргызстандык 40 бала Кочкор- Аталык Медет аттуу баланын жардамы менен Орусияга «Велесстрой» фирмасына жумуш издеп келишкен. Бирок, ал жерде жигиттерди жумушка албай, алар -20 градус суукта, Украина менен чектеш жерде көчөдө калышкан.

«Кайрадан өлкөгө кайтып келүүгө акчабыз жок»,- дейт видеонун аягында.