Бишкекте 2 күн катары менен жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын маалымат кызматы билдирди.
Жаратылыш газы өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:
— 4-5- декабрда Исанова 105/1,105А, 121,123,125; Абдымомунова 245 көчөлөрүндө;
-4-5 — декабрда Жумабека, Калыка Акиева, Фрунзе, Молодая Гвардия көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
-6-7- декабрда Фрунзе, Логвиненко, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.