Бишкекте троллейбус менен жеңил унаа сүзүшүп, айдоочу каза болду

Автор -

Бишкекте №17-каттамдагы троллейбус менен жеңил унаа жол кагышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 5-декабрь күнү Юнусалиев жана Жигулевская көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, троллейбустун айдоочусу ооруканага жиберилген. Ал эми троллейбустун ичинде бараткан жүргүнчүлөрдүн жабыркаган эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү