“Чалдыбар”да салмак текшерүүчү кызматкерлер пара менен кармалды (Видео)

Автор -

ЭККМК  ветеринардык, фитосанитардык жана “Чалдыбар” салмак көлөмдүк контролдун кызмат адамдарынын опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын “Чалдыбар” ветеринардык, фитосанитардык контролунун жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Чүй облусунун Панфилов районундагы “Чалдыбар” салмак көлөмдүк контролдун кызмат адамдары боюнча материал чогултушкан, алар кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып,  мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринен жана жеке ишкерлеринен акча опузалап талап кылышкан»,-деп айтылат маалыматта.

ЭККМК чогулткан материалдар боюнча Чүй облусунун прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-бер. 2-б. (кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-бер. 1-б. (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Ушул жылдын 1-декабрында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Чалдыбар” ветеринардык, фитосанитардык контролдун тескөөчүсү жана “Чалдыбар” салмак көлөмдүк контролдун улук тескөөчүсү кылмыш убагында кармалышкан.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү