Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу казакстандык маалымат агенттиктери жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү Алмата убактысы менен саат 13:30 чамасында болгон.
Эпиборбору Алмата шаарынын түштүк-чыгышынан 103 чакырым алыста кыргыз-казак чек арасына туура келген. Жер титирөөнүн энергетикалык классы 8,9. магнитудасы болсо MPV 4,3ге жеткен.