Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титирөө катталды

Автор -

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу казакстандык  маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жер силкинүү Алмата убактысы менен саат 13:30 чамасында болгон.

Эпиборбору Алмата шаарынын түштүк-чыгышынан 103 чакырым алыста кыргыз-казак чек арасына туура келген. Жер титирөөнүн энергетикалык классы  8,9. магнитудасы  болсо MPV 4,3ге жеткен.

Бөлүшүү