10-14-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
229

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 10-декабрдан 14-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 10-декабрда өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7с/м. Жолдор тоңголок, тайгак болот. 10-декабрда күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

Бишкек менен Ош шаарларында 10-12-декабрь күндөрү күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

11-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

12-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаай турганы айтылды.

13-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.