Өзбекстанда бир жыл ичинде коррупция үчүн 1177 аткаминер жазаланган

Автор -

Өзбекстанда былтыр коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 1177 кызмат адамы кылмыш жоокерчилигине тартылган. Бул тууралуу 8-декабрда Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара маалында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

«Укук коргоо органдары канчалык аракет кылбасын, коомдук көзөмөлсүз коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эмес. Бул жаман көрүнүшкө каршы күрөш укук коргоо органдары тарабынан гана эмес, коомчулук тарабынан да ар бир жамаатта жүрүүсү зарыл», — деди Мирзиёев.

Мамлекет башчынын айтымында, ар бир мамлекеттик мекемеде жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча өзүнүн ички программасы болушу керек.

Президент дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдүн парламенттеринде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттер менен комиссиялар бар экенин белгиледи.

«Бул тажрыйбаны жана биздин Конституциясыздын талаптарын эске алуу менен Олий Мажлистин палаталарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттерди түзүүнү сунуштайм. Алар өкүлчүлүктүү бийлик органы катары бардык деңгээлдеги мамлекеттик мекемелерде жемкорлукка каршы күрөшүүгө жардам бериши керек», — деди президент.

Бөлүшүү