Бишкекте Улуттук адабият күнү белгиленет

Автор -

Кыргыз Республикасынын Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясы 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнүн урматына жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өткөрөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарылып, академиянын таланттары өз чыгармачылыктарын көрсөтүп, соңунда сынактын жыйынтыгы менен К.Орозбеков атындагы республикалык адабий сыйлыгы тапшырылат.

Ага, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Жазуучулар союзунун өкүлдөрү ж.б. ардактуу меймандар чакырылган.

Майрамдык иш-чара 11-декабрда саат 15:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын 3-кабатындагы “Кыргыз китеп” борборунда өтөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү