Бишкектеги башкы балаты бүгүн жандырылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында башкы балатыны жандыруу иш-чарасы өткөрүлөт.
Бул жылы балатынын узундугу 25 метр болсо, диаметри 12 метрди түзүп, каркаска 2 миң 400 ийне жалбырактуу бутак, 350 оюнчук, узундугу 4900 погондук метр дюралайттан жасалган оюу-чиймелер 240 метр светодиоддук гирлянда жана 240 метр мишура илинип кооздолот.
«Бишкек башкы архитектура» борбордун концепциялык жасалгасын «Кышкы жомок» деп атоону сунуштады. Ала-Тоо аянтынын ортосуна «Кар ханышасынын» «Муз тактысы» орнотулат.
Ошондой эле муз жылгаяктары курулуп ичине ак илбирс, бугу, аркар ,бүркүт жасалып, ар түрдүү түстөгү жасалгалар менен кооздолот. Борбордун башкы сүрөтчүсү Марат Жороев Бишкек шаарынын гербиндеги элементтер жана өзгөчө кооздолгон 2019 саны менен жаңы жылдык эмблеманы коюуну сунуштады.
Сиздер үчүн SAAT.KG агенттиги бизнес идея сунуштайт. Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатып киреше табыӊыз.