Жумгал районунда 9 жаштагы бала Көкөмерен дарыясына түшүп кетти

Автор -
503

Жумгал районунда Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен 9 жаштагы бала 3 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү саат 14:00 чамасында Кабак айылындагы Көкөмерен дарыясына 2009-жылы туулган К.Б. аттуу бала түшүп кеткен.

8-декабрда издөө иштери жүргүзүлгөн. 9-декабрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Жумгал райондук №44 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, бирок табылган эмес.

Издөө иштери бүгүн, 10-декабрь күнү улантылат.

Бөлүшүү