Лейлекте оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 3 адам каза болду (Видео)

Автор -

Лейлек районунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ,  9-декабрь күнү саат 05:36 Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 337-чакырымында (Белес тилкеси) болгон. Анда “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам 1979-ж.т. Х.Н., 1985-ж.т. К.М. жана 1993-ж.т. М уулу А каза болгон .

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №74 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү