Бишкектеги башкы балаты жандырылды (фото)

Автор -
283

Бишкек шаарында декабрь айынын келиши менен, Жаңы 2019-жылга даярдык кызуу башталды.

Борборубуздун башкы аянтында өлкөбүздүн жаңы жылдык балатысын жандыруу аземи өттү. Салт боюнча, балатыны Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жандырышты.

Бул жылы балатынын узундугу 25 метр болсо, диаметри 12 метрди түзүп, каркаска 2 миң 400 ийне жалбырактуу бутак, 350 оюнчук, узундугу 4900 погондук метр дюралайттан жасалган оюу-чиймелер 240 метр светодиоддук гирлянда жана 240 метр мишура илинип кооздолду.

Сиздер үчүн SAAT.KG  агенттиги бизнес идея сунуштайт. Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатып киреше табыӊыз.