Фискалдык жана инвестициялык саясат кеңеши бир катар инвестициялык долбоорлорду жактырды

Автор -

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун үстүбүздөгү жылдын ноябрында донордук коомчулук менен жолугушуусунда тийиштүү чечимдерди кабыл алууну создуктуруу жана ашыкча бюрократиялык башаламандыктар боюнча белгилүү бир эскертүүлөр айтылган.

«Биз жеңилдетилген насыяларды жана гранттарды тартууда андан кандай натыйжа аларыбызды жана милдеттерди кайсы каражаттар менен жабаарыбызды так аныктоого тийишпиз, себеби кандайдыр бир деңгээлде бул өлкөнүн бюджетине таасирин тийгизет. Биз тартылган карыздарды болушунча натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздашыбыз керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Үч-Коргон ГЭСин капиталдык реконструкциялоого, Ысык-Көл облусунун тазалоо курулуштарын модернизациялоого, суу ресурстарынын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле Камбарата ГЭС-2 иштетүүнүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган бир катар инвестициялык долбоорлор каралды.

Тиешелүү багыттар боюнча баяндамалар менен өлкөнүн тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери сөз сүйлөштү.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча каралган төрт долбоордун ичинен экөөнү жактыруу, калгандарын айтылган сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алып кайра иштеп чыгууга кайтаруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тартылган инвестициялык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат кеңешинин жобосуна жана тийиштүү ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.

Бөлүшүү