Депутаттардын дарегине окуучулардын ата-энелеринен көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Алар окуу китептеринде кетирилип жаткан орой катарларды диверсия катары баалашууда. Окуу китептери Билим берүү, илим министрлиги тарабынан расмий түрдө сунушталгандыктан, ар кимдерге шылтай бербей, каталар үчүн министрлик менен министрдин жеке өзү жооп бериши керек. Бул тууралуу депутат Евгения Строкова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Быйыл күз мезгилинде окуу китептеринде кетирилген каталар боюнча чоӊ чыкканы эсиӊиздерде чыгар. Андай одоно каталар кийин дагы толтура табылууда. Окуу китептеринин даярдалышына эмне үчүн мынчалык кайдыгер мамиле жасалып жатканына түшүнүү кыйын.. Министр болсо, аны авторлорго, басмаканаларга, Билим берүү академиясына шылтап келет. Алар ал мекеме өзүнө караштуу экенин билбей калышса керек, же билгиси келбейт», — дейт депутат.