Төрөбаев:«Айрым аткаминерлер эч кимден коркпой, өздөрү жетектеген мекемелерди жеке компанияга айландырып алышты»

Автор -

«Кадрлар баарын чечет!» дейт, биздин мамлекеттик органдарда отурган кадрлар өлкөнүн эмес, жалаӊ өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп калды. Алар өздөрү жетектеген мекемелерди жеке компанияга же бизнес-аянтчага айландырып алышты. Депутаттар аткаминерлерге калктын кайрылуулары боюнча тапшырмаларды берсе, алардын аткара турган түрү жок. Бул тууралуу «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Президент баардык жарандар мыйзам алдында бирдей, күнөөлүүлөр келтирилген зыяндын ордун толтурушу керек деп, коррупцияга каршы күрөштү артыкчылыктуу багыт катары жарыялады. Бирок, аткаминерлер эч кимден корпой, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен, пара алып жатышат. Мурдатан келаткан 10 пайыз өөнөмөй өнөкөтү жоголгон жок. Жакында транспорт министринин орун басары 520 миӊ доллар пара менен кармалды. Бул жолдун бир эле участкасынан алынган пара. Алар жол куруудан 1,5 пайыз насыя каражатты өөнөшөт экен. А, бизде канчалаган жолдор курулууда? Демек, алардан миллионлогон доллар каражаттар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатпайбы», — деди депутат.