Жапаров: Экс-президенттер саясатка аралашпасын. Өкмөттүк кызматтарга келбесин

Автор -
Сүрөт: Knews.kg

Жогорку Кеңеште экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Акылбек Жапаров:«Экс-президенттер саясатка аралашпасын. Өкмөттүк кызматтарга келбесин,»- деди.

Жапаров АКШнын экс-президенттери да бийликтен кетип, өзүнчө партия түзбөй эле тынч жүргөнүн кошумчалады.

«Экс-президенттер, экс-премьерлер, экс-спикерлер бир жолу өлкөнүн башына келдиңер, эми концертиңерди токтоткула. Барып эми сабагыңарды окугула. Насаатыңарды айткыла. Китеп жазгыла. Анан кайра-кайра эле саясатка аралаша бербегиле деген таризде айталы деп жатабыз да. Мүмкүнчүлүгүңөр бир жолу болду. Эми барып, өз айылыңарды көтөргүлө. Ошол айылда коммунизмди кургула», — деди Жапаров.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү