Бишкек шаарында кампадан өрт чыкты

Автор -

Бүгүн,  14-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Васильев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:20да КР ӨКМнин  Биринчи Май райондук №4 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 1 бөлүм,  КР ӨКМнин Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 16:00дө Штаб тартылган.

Өрт саат 16:08де чектөөгө алынган.

«Учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

 

Бөлүшүү