Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү

Автор -

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмүн көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин жетекчилиги катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин республикада экспорттун жана импорттун көлөмүнүн катыштыгы боюнча маалыматтар угулду.

Замирбек Аскаров белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканын реалдуу тармагын өнүктүрүүгө жана республика боюнча атамекендик өндүрүштү колдоого зор маани берет. Ал белгилегендей, биринчи кезекте, жарандарды атамекендик продукцияны сатып алууга даярдоо жана өндүрүштү өбөлгөлөөчү чаралардын пакетин, анын ичинде тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл.

Андан соң кеңешменин катышуучулары тарабынан атамекендик өндүрүштү колдоо жана өбөлгөлөө боюнча сунуштар талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана «Атамекендик өндүрүшчүнүн 100 күнүн» өткөрүүнү уюштуруу боюнча тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды киргизүү тапшырылды.

Бөлүшүү