Кубатбек Боронов кыргыз-кытай эки жактуу кызматташтыгын өркүндөтүү келечегин талкуулады

Автор -

Кубатбек Боронов Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Ван Чэнь мырза менен жолугушту.

Жолугушуу Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Янчжоу шаарына «Жибек Жолу боюндагы цивилизациялардын биригүүсү жана өз ара пайдалуу негиздеги кызматташтыктын тереңдеши» темасындагы VI Кытай – Борбордук Азия кызматташтык форумунун ачылыш салтанатына катышуу үчүн болгон сапардын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташуусунун кеңири маселелерин белгилешти.

Анын ичинде тараптар өнөр жай, айыл чарбасы, соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү келечегин жана мүмкүндүктөрүн талкуулашты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилеп, биздин республиканын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын ташууну жөнгө салуу жолу менен, ошондой эле кытай инвестицияларын экономиканын түрдүү тармактарына тартуу аркылуу кыргыз продукциясын Кытайга экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдарлыгын баса көрсөттү.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов Янчжоу шаарынын жетекчилиги менен жолугушуп, анда Кыргыз Республикасынын аймактарынын бул шаар менен кызматташтыгын жөнгө салуу маселелери талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Янчжоу шаарынын жетекчилигин жана кытай корпорацияларынын өкүлдөрүн артыкчылыктуу долбоорлорду деталдуу талкуулоо үчүн өлкөбүзгө чакырды.

Өз кезегинде кытай корпорацияларынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына жакынкы убактарда келүүгө кызыкдарлык билдиришти.

Бөлүшүү