Бишкек шаарында кичи автобус оодарылып кетип, 2 адам жабыркады

Автор -

Бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус оодарылып кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Абдраев менен Шиштубе көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, №166 кичи автобус менен «Мазда» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Оодарылган кичи автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр — өспүрүм кыз менен аял киши жаракат алды. Алар ооруканага жеткирилген.

«Унаалар айып аянтчага токтотулду. Учурда тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү