Көк-Жаңгак шаарында кечээ, 18-декабрь күнү болжол менен саат 08:00 чамасында 23-квартал тилкесинде сел өтүүчү каналга болжол менен көлөмү 20000м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Жерине КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ барып, жер көчкүдөн жабыркагандар жок жана көчкү турак жайлардан 300 метр алыстыкта экендигин аныкташкан.
19-декабрда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.