Жогорку Кеӊеште Жол кайгуул кызматкерлеринин ашыкча салмактуулугу сынга алынды

Автор -
228

Жогорку Кеӊешти жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков Жол кайгуул кызматкерлеринин ашыкча салмактуулугун сынга алды.

 «Негизи Жол кайгуул кызматкерлеринин физикалык даярдыгы текшерилеби? Алардын чыгып турган курсагы биз үчүн жат көрүнүш болуп жатса, туристтер үчүн кандай көрүнөрүн элестетип көрүӊүз. Өзгөчө Ысык-Көлгө бараткан жолдогу кайгуул кызматкерлерин карап коюну суранам»,-деп билдирди эл өкүлү.

Суроого Курсан Асанов; «Жума сайын Жол кайгуул кызматкерлери ден соолугун чыӊдоо үчүн машыгуудан өтүп түрушат. Бул боюнча иш аракеттер аткарылат»,-деп жооп берди.

Бөлүшүү