Депутат Жаӊы жыл майрамында ар кандай салюттарды аттыруудан баш тартууну суранды

Автор -
394

Бүгүн, 20-декабрь ЖКнын жыйынында депутат Рада Туманбаева Ош шаарындагы таштандылардын тазаланбай жатканын айтып чыкты.

Анын айтымына караганда, Ош шаарынын бир катар аймактарында, анын ичинде борбордук базардын жанындагы Зайнабетдинова көчөсүндө таштанды аптасына бир жолу гана чыгарылып жатат.

«Ош шаары быйыл түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Эми шаарга туристтердин агымы көбөйөт.Тазалык ишканасынын техникасы жетишсиз болушу мүмкүн. Андыктан ушул көйгөйдү карап коюӊузду суранам»,-деп билдирди эл өкүлү.

Ошо менен бирге депутат өлкө аймагында Жаӊы жыл майрамында ар кандай салюттарды аттыруудан баш тартууну суранды.

«Жаӊы жылдан кийин абанын булганганын баарыбыз эле көрөбүз. Андыктан майрам күнү салюттарды аттыруудан баш тарсак жакшы болмок»,-деди депутат.

Бөлүшүү