Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Профсоюзный көчөсүндөгү үйлөрдү сот аткаруучулардын бузуп жаткандыгына нааразы болду.
«Профсоюзный көчөсүнүн жашоочулары 3 күндөн бери Ак үйдүн алдына митингге чыгып жатышат. Аларга эч ким көӊүл бурган жок. Алардын кызыл китеби бар экен ошого карабастан, соттун чечими бар деп кычыраган кышта сот аткаруучулар үйлөрүн бузуп жатышат. Фашисттер да мындай кылышкан эмес. Бул үйлөрдүн ээлери депуттарга жардам сурап кайрылышты. Өкмөт ушул маселеге көңүл буруп койсун», — деп билдирди Момбеков.