Жогорку Кеӊештин жыйынында Иса Өмүркулов вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алууну сунуштады. Ал аталган маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
«Кодуранованы ээлеген кызматынан кайра чакырып алуу боюнча сунуш киргизем. Добушту жабык, электрондук түрдө берсек деп сунуштайм!» — деди Өмүркулов.
Депутат Мурадыл Мадеминов Кодуранованы кызматтан алуу мыйзам бузуу менен өткөнүн айтты.
«Бул фракциянын жыйыны регламентти одоно бузуу менен өткөн. 3 күн мурда кат түшүп, анан депутаттарга угузулуп, кийин гана каралышы керек. Регламентте «кызмат орду бошогон күндөн кийин гана ал орунга талапкер көрсөтүлөт» деп турат. Бул маселени азыр карасак сиз дагы регламентти бузган болуп каласыз«, — деди Мадеминов.
Ал эми Асел Кодуранова; «Менин маселем боюнча мага айтса мен бармакмын. Сунуш киргизилди, добуш берели»-,деп билдирди.