Жогорку Кеӊештин бүгүн, 20-декабрында өтүп жаткан жыйынынын жүрүшүндө кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине карата өлкөдө парламентаризмдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар депутаттарга Жогорку Кеӊештин жана парламенттер аралык уюмдардын сыйлыктары тапшырылды.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков аларды жалпы депутаттардын атынан алган сыйлыктары менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.