Мага кыйкырганга жаштык кыласыз! ЖКда төрага менен депутат кайым айтышты (Видео)

Автор -
575

Жогорку Кеӊештин жыйында Дастанбек Жумабеков менен Алтынбек Сулайманов кайым айтышты. Алардын  ортосундагы түшүнбөстүк Иса Өмүркуловдун вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алууну сунуштаганда пайда болду.

«Сиз абдан шашып жатасыз! Биз ошол жерде отурган үчөөӊүздөрдү теӊ алмаштырып салабыз. Сиздерге ишенбөөчүлүк билдиребиз»,-деди депутат.

Анда төрага; «Бул сиздин ордуӊуз беле? Түшүрүп салгыдай!»,-деп жооп берди.

Ага Алтынбек Сулайманов; «Сиз мага кыйкырбаӊыз! Мага кыйкырганга жаштык кыласыз!»,-деп жооп кылды.

Видеону 1 саат 10 минутадан көрө аласыздар.