Сапар Исаков:Сооронбай Жээнбеков менин процессимди өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган

Автор -
891

“Менин эсиме аргасыздан “Суурдун бир күнү” деген тасма түшөт. Мени бул жерге алып келишип, ошол эле бир эле чечимди, баягы эле кишилер кабыл алып жатышат. Макул, бул эми түшүнүктүү.

Мен бир нече маанилүү нерсеге токтолоюн. Биринчиден, мен бардык жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргызстандын аймагынан эч кайда качып кетпей турганымды айтып эле келатам. Тергөө органдары талап кылаар замат дипломаттык, кызматтык, жалпы жарандык, ID-карта – бардык паспортторумду УКМКга тапшырганмын. Сурактарга дайыма 15 мүнөт эрте келип, баш коргоо чарасын өзгөртүүгө эч кандай негиз жаралбасын деп күтүп турчумун. Баш коргоо чарасы башынан адегенде – эч жакка чыгып кетпөө жөнүндө тил кат берүү тандалган эле.

Бул жерде мен дайыма жарандардын катышуусунда үстүртөн сөз сүйлөчүмүн. Бирок азыр мен Сизге кайрылам, урматтуу сот, анткени бул жерде эч ким деле жок – Сиз муну мени Кыргызстандын аймагынан качып кетсин, тергөө жүргүзгөнгө оңой болсун деп атайын жасадаңыз. Бирок мен эч качан мындайга барбайм, анткени өлкөм үчүн жан-дилим менен кызмат кылганмын, анын улуттук кызыкчылыктарын коргогонмун. Мындан ары да ошонумдан жазбайм. Бул саясый картаны атайын ойноп жаткан адамдар эч качан жакшылык алып келбейт. Буга ишенип коюңуз. Мен бул бардык процесстердин артында, Сиз муну жакшы билесиз, урматтуу сот, Президенттин Аппараты турганын жана ал Сиздин бул жердеги ар бир дем алганыңызды, Сиздин бул жерде айткан ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөп турганын айткым келет. Ошондуктан мен, бул жерде органдардын өкүлдөрү отурушат, мунун артында бул процессти, менин процессимди өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган Сооронбай Жээнбеков турганын айтмакчымын. Мен дагы бир жолу айтайын, муну ага айтып коюңуздар, өз өлкөм үчүн менин ак иштегенимди ал өзү да эң сонун билет. Ал мени 30 жылдан бери тааныйт, менин атамды да жакшы билет. Мен эч качан өзүмдүн дарегиме коррупция менен байланышкан кандайдыр бир айыптоолордун айтылышына себеп берген эмесмин. Мени менен Тышкы иштер министрлигинде болобу, президенттин Аппаратындабы же Өкмөттө болобу, кайсы жерде экенине карабай, иштешкен адамдар менин колумдагы бардык нерселерге, ар бир нерсеге принципиалдуу мамиле кылганымды  билишет.  Мен кандай болгон күндө да Жараткандын бар экенине, кандай болгон күндө да акыйкаттын салтанат кураарына ишенем.

Өкүнүчтүүсү, мен президенттик Аппараттын жетекчиси, премьер-министр болуп турганда УКМКнын дубалдарынын артында, соттордо эмнелер болуп жатканын көргөн эмес экенмин. УКМКда отургандан бери бизде көйгөйлөр чынында эле абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мына мен саясый куугунтуктоонун ачык бир өкүлү болуп эсептелем”.

Бөлүшүү