Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн айрым жери убактылуу жабылат

Автор -

Ошто көпүрөнүн курулушуна байланыштуу Навои көчөсүнүн айрым жери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

«Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү авариялык көпүрөнүн курулуш иштери башталгандыгына байланыштуу, А.Навои көчөсү Масалиев көчөсүнөн Турусбаева көчөсүнө чейин 2018-жылдын 22-декабрынан 2019-жылдын апрель айына чейин жабылат. Ошого байланыштуу транспорттук каттамдардын Алимжанов-Турсунбаева көчөлөрү аркылуу жүрө тургандыгын маалымдайбыз»,-деп айтылат маалыматта.