Ош шаарында эреже бузган айдоочуну токтотуу үчүн ок чыгарган милиция кызматкери жөө жүргүнчүнү жарадар кылды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 23-декабрда болжол менен саат 18:00дө тескөөчүлөр айнектери караңгылатылган жана мамлекеттик номуру жок «Мерседес С-320» үлгүсүндөгү унааны байкап калышкан. Унааны токтоткон маалда айдоочу тартип сакчысына атырылып, качып кетүүгө аракет жасаган. Тартип сакчынын өнөктөшү кызматтык унаа менен шектүүнүн унаасын токтотууга аракет кылган.
Эскертүү иретинде К. А. аттуу милициянын лейтенанты эки жолу асманга ок чыгарган. Бирок, айдоочу ылдамдыгын азайткан эмес. Ок унаанын оң канатына тийип кайып барып ошол маалда жолдо өтүп бара жаткан жарандын кулагына тийген.
Жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, тез жардам көрсөтүлгөн.
Ал эми айдоочу Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын 1999-жылы туулган тургуну, ИИМдин атайын базасынын тизмесинде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда каракчылык менен соттолгон А.А. экени аныкталды.
Ал КРнын жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа атайын токтотуучу жайга коюлду. Автоунаадагы мамлекеттик номур жасалма экендиги аныкталды.