Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды

Автор -

«“КСДП” саясий партиясынан Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды»,-деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынан.

Маалыматка ылайык, тизмеден чыгуу үчүн Суракматов өзү арыз берген.

«БШКга келип түшкөн арыздын негизинде, КРдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып, КРдин “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык анын арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү