Жогорку Кеӊештин депутаттары КМШнын ордендери менен сыйланышты (сүрөт)

Автор -

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен КСДПчы депутат Марат Аманкулов кечээ, 24-декабрда Бишкек мэриясында КМШнын борбор шаарлардын  жана ири шаарлардын Эл аралык ассамблеясынын ордендери менен сыйланышты.

Эл өкүлдөрүнө аталган сыйлык КМШнын шаарларын туруктуу өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыйгарылды.

Фракция лидери Иса Өмүркулов өз сөзүндө КМШнын калаалардын жана ири шаарлардын Эл аралык ассамблеясына, Бишкек мэриясына  ыраазычылыгын билдирип, сыйлыктын мааниси чоң экенин белгиледи. Ошондой эле экономикалык жактан оор учурда борбор калааны башкарганына токтолду.

«Бул мен үчүн күтүүсүз сыйлык. Мен жеңил эмес учурда иштедим, Бишкектин бардык көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылдым. Менин эмгегимди баалаганыңарга кубанычтамын», — деди Өмүркулов. Ошону менен бирге бүгүнкү мэр Азиз Суракматовго, Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абировго, шаардык кеңештин жаңыланган курамына иштерине ийгилик каалап өттү.

Эл өкүлү Марат Аманкулов аталган ассамблеяга, Бишкек мэриясына  ыраазычылык айтып, Бишкек шаардык кеңешин башкарып турган кезин сыймыктануу менен эстей турганын белгиледи.

«Мен жыйындар залына киргенде, менде жагымдуу сезим болду. Дал ушул жерде биз депутаттар менен биргеликте Бишкектин экономикасын өнүктүрүү, чарбалык көйгөйлөргө байланышкан чечимдерди кабыл алдык. Бүгүн мен бул ардактуу сыйлыкты бир катар чыгаан инсандар менен кошо алып жатканыма толкунданып турам», — деди Марат Аманкулов.

Соңунда Аманкулов жыйындагылардын баарын келаткан Жаңы жылы менен куттуктап, Кыргызстанга өсүп өнүгүүнү каалады.

 

Бөлүшүү