Бишкек шаардык кеңештин ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган Жаны жылдык майрамдык балаты өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясында, саат 15:00дө Бишкек шаардык кеӊештин атынан Жаӊы жылдык иш-чара өтөт.
Иш-чарада концерттик программа тартууланып, Бишкек шаарында турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, муктаж үй-бүлөдөн жана коомдук уюмдардан келген бөбөктөргө белектер берилет.
Жалпысынан 900 балага белек берилет.
Аталган иш-чарага БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров, анын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК депутаттары катышат.