Отунбаева мамлекет башчыдан Текебаевге ырайым берүүнү сурады

Автор -
206

Экс-президент Роза Отунбаева парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Ал Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерин дагы бул демилгеге кошулууга үндөдү.

Кайрылууну “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду таратты.

Отунбаева “Мунапыс жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзам күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурагандарга гана ылайыкташылбаганын билдирди.

Мыйзамдагы беренелерге таянуу менен мурдагы президент өлкө башчы соттолгон киши жеке өтүнүч менен кайрылбаса да, ырайым кылууга укугу бар экенин белгилеген.

Отунбаеванын айтымында, мыйзамдагы 22-берене боюнча өтө оор кылмыш жасап, бирок түзөлүү жолуна түшпөгөн жарандар дагы “Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүчү болсо” мунапыска илиниши мүмкүн экенин кошумчалаган. Андыктан ал фракция лидерлерин демилгени колдоого чакырды.

Роза Отунбаева Өмүбек Текебаевга карата «ойдон чыгарылган кылмыш иши тарыхта сот адилеттигинин негизги принциптерин тебелеген эң оор прецендент болуп калат» деп эсептейт. “Акыйкатсыздыктын уятсыз акты Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу учурундагы жууса кетпес шермендечилиги болуп калат” деген ал.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков эгер Өмүрбек Текебаев кайрылса, кечирим берүүгө даяр экенин билдирген.

Президент: Текебаев мунапыс сураса эркиндик бере алам

Ал эми  экс-президент Алмазбек Атамбаев; «Текебаевди каматпай, мыйзамга көз жумуп койсом болмок»,-деп айткан эле.

Алмазбек Атамбаев: Текебаевди каматпай, мыйзамга көз жумуп койсом болмок (Видео)