Төрөбаев: Баш мыйзамды өзгөртүүгө убакыт эрте

Автор -

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жыл да эрте болорун билдирди.

«Биз Конституцияны өзгөртүүдөн мурда «жөлөк пул, пенсия алуучулар жашоого жетиштүү жардам алып жатабы?» деген суроолорго кайрылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө балдардын 600 миңи бала бакчаларга бара алышпай жатат. Баш мыйзамды өзгөртүүнүн ордуна экономиканы көтөрүп, саясий маданиятуулукту өзгөртпөйлүбү? 2020-жылы деле Баш мыйзамды өзгөртүүгө убакыт эрте, ага 2025-жылы деле кайрылсак болот. 2025-жылга чейин толук түрдө парламенттик өлкөгө айланабыз. Ал үчүн элдин үнү да маанилүү. Өлкөнүн келечегин терең ойлонуп, кадамдарга барышыбыз керек», — деди Төрөбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 80 жылдыгына арналган жыйында Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жылы кайрылуу болорун айткан.

Жээнбеков: Конституцияны өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок

Бөлүшүү