«Тез жардам» кызматы Жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иштейт

Автор -

Бишкекте 29-декабрдан тарта «Тез жардам» кызматы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-декабрдан тарта келе жаткан жылдын 7-январына чейин аталган кызмат күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүү планы бекитилди. Жаңы жылдык майрам күндөрү 38 медициналык топ иш алып барат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү