Кара-Буура районунда эки унаа кагышып, 50 жаштагы киши каза болду

Автор -

Талас облусунда эки унаа кагышып, 50 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-декабрь күнү саат 19:16да Кызыл-Адыр айылында “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаа менен “Нива” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1968-жылы туулган К.Т. аттуу эркек киши каза болуп, 2 эркек киши жабыркаган.

Жерине КР ӨКМнин №91 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып каза болгон жарандын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага алып кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү