Өкмөт башчы Ош шаарындагы жаңы жылдык балатыга катышат

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев 27-декабрда Ош шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдардын жаңы жылдык балатысына катышат, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Иш-чара С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын имаратында өтөт.

Мындан тышкары Өкмөт башчы №12 көмөк көрсөтүү мектебинин, ошондой эле кыймыл таяныч тутумундагыт мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен куттуктайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү