Тоң районунда көлдө кайык оодарылып, 57 жаштагы киши чөгүп кетти

Автор -

Тоң районунда көлдө кайык оодарылып, 57 жаштагы киши чөгүп кетти.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 26-декабрь күнү саат 15:56да Бөкөнбаев айылынын Үч-Чуңкур тилкесиндеги көлдө кайык оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен кайыктагы 1961-жылы туулган М.Б. аттуу эркек киши сууга чөгүп каза болгон.

Жерине КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү