Өзгөн районундагы жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Автор -

Өзгөн районундагы жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-декабрь күнү саат 12:52де Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү 2 унаа кагышып кеткен. Жол кырсыгынан 2 эркек жана 2 аял жабыркаган.

КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине жеткенге чейин, жабыркагандарды жолдо бараткан унаалар Мырзаке айылдык ооруканасына алып кетишкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү