Сот Музаффар Исаковду шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратты

Автор -

Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Музаффар Исаковду шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратты.

Маалыматка ылайык, 26-декабрда Сузак райондук соту Музаффар Исаковго карата козголгон кылмыш ишин караган. Анда мамлекеттик айыптоочу экс-депутатты 12 жылга эркинен ажыратуу менен, аны сот залынан камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

Исаковго 2017-жылдын февралында «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура Исаковго Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп жаткан учурунда (2010-2015-жылдар) 315 токтомду мыйзамсыз чыгарган деп айыптаган.

2018-жылдын 24-декабрында КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков өз каалоосу менен мандатын тапшырган.