Эстен кеткис эс алуу! Кыргызстандыктар кайда барып эс алып келсе болот (эксклюзивдүү интервью)

Автор -
1228

Жайдын аптабында Көл жээктеп эс алуу, жайлоонун таза абасында кымыз ичүү кимдин гана кыялында болбосун. Бул менен гана тим болбостон эл таанып, жер көрүп келем деген окурмандар үчүн «Путевка.kg» туристтик агенттигинин башкы мүдүрү Данияр Бактыбеков жай айында кайсы өлкөлөргө барып эс алып келсе болорун «SAAT.KG» маалымат агенттигине айтып берди.

-Алгачкы эле суроом жай айында Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдө эс алууну жактырышат?

-Негизи жай айында көпчүлүк туристтер ошо менен бирге Кыргызстандыктар да кереметтүү Ысык-Көлдө эс алууну тандашат. Анткени Ысык-Көлдөгү пансионаттардын акчасы да, аба ырайы да эс алууга ыӊгайлуу. Анан да болгону 2 жума же 1 жумага эмгек өргүүсүнө чыкканыбызга байланыштуу чет өлкөгө чыкканга убакыт тар болуп калат.

Көбүн эсе эс алуучулар Түркияны тандашат. Анткени, ал жактын 3 маал тамак ашы, табияты, шарты көпчүлүктүн талабын канаттандырып, кызыктырат. Андан сырткары Египетти тандашат. Жайында Египет ысык болот дешет бирок, Дубай же Түркия менен салыштырганда кургак келет. 45 градус ысык болсо да аны адамдар жеӊил көтөрөт. Ошо менен бирге Европага да саякатка чыгышат.

Картинки по запросу турция красивые места

-Негизи эс алууга кайсы өлкөгө барууну алдын ала чечишет эмеспи. Кыргызстандыктар кайсы мамлекетке багыттарды көп тандап жатышат?

-Эс алууну эртерээк пландаган туура. Мисалы, ошол эле Түркияны айталы. Быйыл ал өлкөгө Орусиядан көп туристтер барып жатышат. Алар былтыркы жылдын ноябрь айынан баштап, мейманканаларды алдын ала ээлеп башташкан. Ошого азыркы учурда мейманканалардын көпчүлүндө бош орундар калбай калды. Эрте брондоогонго жетишкендер мейманканадан 30 пайызга арзан баада алышат. Ошого колдон келсе кышкы сезонго бир же эки ай мурун брондоогонго аракет кылыӊыздар. Мисалы кышында 1000 долларлык турларды азыр келип алып жаткандар алда канча кымбат баада алып жатышат. Себеби, азыр сезону башталып калды. Эгерде Жаӊы жылды чет өлкөдө тосуу планыӊызда болсо анда октябрь, ноябрь айларында алдын ала ээлегенге аракет кылыӊыздар деп кеӊеш бермекмин.Картинки по запросу турция красивые места

-Эс алууга ар кайсы курактагы адамдар барат эмеспи. Анан үй-бүлөлүүлөр, жашы улгайгандар жана жаштар кайсы өлкөлөрдү тандашат.

-Бизде Кыргызстандан бара турган багыт Түркия. Анткени, ар кайсы курактагы адамдардын түркүн талаптарына жооп бере турган турлар аталган мамлекетте орун алган. Мисалы «Кемер» деген районунда жаштар үчүн түнкү клубдар бар, ал жерге чет өлкөлүк жана Орусиянын эстарада ырчылары барып концерт берип турушат. Үй-бүлөлүүлөр көбүн эсе «Белек» районун тандашат. Ал жакта аквапарктар, гольф аянтчалары бар. Андан сырткары «Сиде» деген тынч район бар, үй-бүлөлүүлөргө абдан ыӊгайлуу. Ар ким өзүнө жаккан региондорду тандайт биз көмөкчү болобуз. А Түркияны көргөн адамдар Европага андан ары Таиландка сапар алышат.

Картинки по запросу турция белек

-Европа деп калдыныз. Ал жактагы кайсы өлкөлөрдү сунуштайсыз?

-Биринчи кезекте мен Чехияны белгилеп кетмекмин. Анын борбор шаары Прагада көптөгөн архитектуралык эстеликтер жайгашкан. Ошо менен бирге Чехия башка Европанын мамлекеттерине караганда арзан жана ал жакта орусча билген агенттиктер да саякатыӊызды жеӊилдетет. Чехияга атайын Европага тур албай эле 10 күнгө барып эс алып келсе болот. Бизде Европа өлкөлөрүнө виза бар, ал эми Прагадан Италияга , Берлинге, кыздардын кыялы болгон Париж шаарына саякатка түз эле чыксаӊыз болот. Ал үчүн капчыкты жакшылап толтуруп чыгуу керек (күлүп). Чехияда «Карловых Вар» аталган санаторий бар ал жактан эс алып эле тим болбостон ден- соолугуӊузду да чыӊдай келсеӊиз болот. Дагы бир өзгөчө белгилеп кете турчу шаар бул – Греция. Афина шаары, Грециянын эстеликтери туристтерге аябагандай кызык. Ошондой эле жайык жээктери, кооз архитектураларын баса белгилеп кетүү керек. Бул жерде айымдар булгарынын, ичиктин (шуба) түрүн тандап ала алышат (күлүп). Кээ бир акылдуу айымдар эки коенду бир ок менен атышат. Грецияга тур алышат да ал жакта эс алуу менен бирге ичиктен кышкыга камдап келип, сатышат. Ушинтип эс алууну жумуш менен айкалыштырса болот.

Картинки по запросу чехия

— Маегибиз соӊуна чыгып баратат, бирок сиз КМШ өлкөлүрүндө эс алууну сунуштаган жоксуз? Эмнеге?

-Коӊшулаш өлкөлөр жөнүндө айта кетсем, баса белгилей кетүүчү 2-3 эле мамлекет бар. Эӊ башкысы ал жака виза керек эмес. Алгач эле Грузияны айтмакмын. Анткени чындыгында аябай кооз өлкө. Грузиянын туристтер сүйгөн, кооз, тарыхый архитектураларга бай шаары Батумини сунуштамакмын. Негизи аталган шаардын өзгөчөлүгү бул тамак-ашында, аны да баса белгилеп кетүү керек. Анан экинчи кылып Өзбекстанга барып, эс алып келсеӊиз болот. Биринчиден бизге жакын экинчиден кооз мамлекет. Ал жактан борбор калаасы Ташкентти, Бухараны, Самарканд шаарын сунуштайт элек. Бул жерлерди көбүн эсе улуу муундун адамдары балдарына көргөзүүгө ашыгышат.

Картинки по запросу грузия

-Сиз өзүӊүз канча мамлекетти кыдырып келдиӊиз?

-Мен туризм факультетинде окугандыктан студент кезимде эле саякатты баштагам. Эӊ алгачкы сапарым Египетке болгон. Ал жерге жогорку окуу жайда окуп жүргөндө иштегени барганмын. Андан кийин Түркиянын «Сиде» деген шаарында  иштедим. А турист катары Израилди барып көрүп келгем.

-Эгерде кайда барышты билбей, биринчи жолу чет өлкөгө чыкканы жаткан болсо кайсы жерди сунуштайт элеӊиз?

— Биринчи жолу чет өлкөгө сапар алып жаткандарга мен Түркияны сунуштайт элем. Анткени, ал жакта баары камтылган. Бишкектен гана бир сумманы төлөйсүӊ ал жака барганда кеӊири жүрөсүӊ. Анан туристик шаар аталган Анталияга түз багыттар ачылган. Бир жерди көргөндөн кийин Египетке, андан ары Европага, Таиландка, анан көпчүлүктүн кыялы болгон Бали аралына барып, эс алып келсе болот.

Картинки по запросу бали

Бөлүшүү