Аламүдүн районунда “Шекер” дүкөнүнүн кампасынан өрт чыкты

Автор -

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын Победа проспектинде жайгашкан “Шекер” дүкөнүнүн кампасынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 7-январда болжол менен саат 19:26да чектөөгө алынып, түнкү саат 23:41де толугу менен өчүрүлгөн.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары темир аранын жардамы менен темир контейнерди кесип, өрт өчүрүүчүлөргө жардам беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү