Кыргызстанда 25 жыл мурун өзүнүн Парижи пайда болгон (видео)

Автор -

Кыргызстандыктар Парижге баруу үчүн Шенген визасын алып, авиабилет үчүн акча коротушпайт. Өлкөдө 25 жыл мурун өзүнүн Парижи пайда болгон. Кичинекей соода жайы борбордон 150 чакырым аралыктагы Бишкек-Ош трассасында жайгашкан.

Кыргызстандын “париждиктери” өлкөнүн эң суук аймагында — Суусамыр өрөөнүндө жашашат.

Айылдын тургуну Сайраш Бейшебаеванын айтымында, бул жерге Париж деген ысымды сапармандар беришкен:

1993-жылдан баштап бул жерге кишилер отурукташа баштаган. Ал кезде аз эле кафе болгон. 1995-жылдан тарта көптөгөн кишилер боз үй жана чатырлары менен келе башташты. Жүргүнчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн үйлөрүбүздү гирлянда жа лампочкалар менен кооздой баштадык. Түнкүсүн баары жаркырап, алыстан эле көрүнчүбүз. Мунун баары кооз көрүнгөндүктөн, сапармандар Париж деген ысым беришкен.

“Париждиктер” жолдо калган айдоочуларга далай жолу жардам беришкен. Азыр эле техникалык тейлөө станциясы орнотулганы болбосо, мурун баары кол менен жасалчу. -40 температурада аккумуляторлорду дүрмөттөп, дөңгөлөктөрдү алмаштырышчу.

Картада бул жай белгиленген эмес. Жолдун эки өйүзү эки башка районго таандык. Жашоочулар бийликтен бул жерди бөлбөй, мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүшөт. Алар расмий түрдө Чүй облусунун Париж деген кыштагы болууну каалашат.

Бөлүшүү